Ссылки доступа

Азия: кайра тарбиялоо лагерлеринен жаңы окуялар (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Кайра тарбиялоо лагерлеринен жаңы окуялар. Алматыда ондогон казак Кытайдагы кайра тарбиялоо лагерлеринде жоголгон туугандары жөнүндө айтып беришти. Кыргызстанда күйүүчү май ташыгандар энергетикалык каатчылык болушу мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Душанбеде алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын сулуулук сынагы өттү. (Настоящее время)

- Жумушчулар айлыктарын талап кылышууда. Түндүк-Казакстанда айылдык ишкананын жумушчулары жарым жылдан бери айлык ала электигин айтып чыгышты. Алардын айтымында, жумуш берүүчүнүн кызматкерлерге жалпы карызы 10 миллион теңгеге жетет. (Казакстандан видео)

- Эл аралык миграция уюму: 15 жыл ичинде адам сатуунун курмандыгы болгон 700 тажикстандыкка жардам бердик. (Тажикстандан видео)

- Дунгандардын Борбор Азиядагы 140 жылы. (видео)

- Казак тили, кино жана петиция. «Кинотеатрлар прайм-таймда казак тилиндеги тасмаларды көрсөтүшү керек». Ушундай талап койгон жарандар интернетке петиция жайгаштырып, кол топтоп жатышат. (Казакстандан видео)

- Казакстан эмнеге Falcon 9ду тандап алды? 4-декабрда Калифорниядагы Ванденберг базасында казак спутниги менен Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү учурулду. (Казакстандан видео)

- Орусия авиациясында эмнелер болууда? 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусияда 17 авиакырсык катталып, 89 адам казак болгон. (Настоящее время)

- Уйгур аял Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагерлериндеги кыйноолор тууралуу айтып берди. (Настоящее время)

- «Аутизм – бул оору эмес, бул абал». Саиддин окуясы. (Азаттык Сорос фондунун “Бизден кийин” деген долбоорун сунуштайт).

- Мастона Асо: «Мен күйөө эмес, адилеттүүлүк издеп жатам».Былтыр августта Хатлон облусунун 21 жаштагы тургуну Мастона Асо турмушка чыккан, Эки күндөн кийин күйөөсү аны кыздыгы жок деп айыптап үйдөн чыгарып жиберген. (Тажикстандан видео)

- «Жатаканада жашаган балдар менен карылар катуу сууктан үч жууркан менен коргонууда». (Өзбекстандан видео)

- Порошенко Орусия тараптан кармалган суу аскерлеринин туугандары менен жолукту. (видео Директ)

- Францияда күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүгө жарым жылга мораторий киргизилди. (Настоящее время)

- "Демократия – эң мыкты өч алуу". Мусулман өлкөсүндөгү алгачкы лидер аялдын өмүрү жана өлүмү. Туура 30 жыл мурун Пакистан премьер-министри Беназир Бхутто болгон. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG