Ссылки доступа

Орусияда жети өзбекстандыктын өлүмү үчүн күнөөлөнгөн аял соттолду (видео)


Санкт-Петербург соту жайында жети өзбекстандык жумушчу күйүп кеткен ангарды ижарага алып иштеткен ишкерди эки жылга түрмөгө кести.

Петербург сотторунун басма сөз катчысы Дарья Лебедева бул маалыматты тастыктап, «Эверест» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Юлия Забунова жети өзбекстандык жарандын өлүмү үчүн күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Сотто Юлия Забунова айыптоолорду четке каккан жана моралдык жоопкерчилик гана аларын айткан.

Юлия Забунова менен кошо анын кызматкери Олег Фригинге дагы кылмыш иши козголгон. Сот ага каршы доомат болбогондуктан жоопкерчиликтен бошотту. Фригин Өзбекстанга жөнөтүлгөн табыттардын транспорт акысын төлөгөн. Ал жалпысынан 650 миң рублды түзгөн. Мындан тышкары маркумдардын үй-бүлөлөрүнө 1,4 миллион рубль компенсация төлөп берген.

Колпино шаарында 2017-жылы 13-июлда металл ангарда өрт чыгып, жети өзбекстандык жумушчу күйүп кеткен. Алардын баары бир айылдын тургундары болгон.

Хорезм облусунан келген өзбекстандык мигранттар эмгек келишимин түзбөстөн, тратуар плиткаларын, бетон бордюрларды жасап иштешкен. Баары тең ангардын ичинде жашаган. Өрт электр жабдууларынан чыккан. Кырсык болгон учурда жумучулар уктап жаткан. Алар уулуу түтүнгө тумчугуп калышкан.

XS
SM
MD
LG