Ссылки доступа

Орусиялык чек арачылар тажик мигранттарын сакал алууга мажбурлашууда


Айрым тажик мигранттар орус-казак чек арасынан өтүп баратканда чек арачылар аларды сакалын алууга мажбурлашканын айтышууда.

Тажикстандык эмгек мигранттары Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартуу үчүн ар үч айда чек арадан өтүп турушат. Көбүнчө алар Украинага жана Казакстанга барышат.

Мигрант Зухуриддин Гиёсов бир нече күн мурун Маштаково көзөмөл-өткөрмө бекетинен өткөн. Орусиялык чек арачылар андан жана чогуу жүргөн жердештеринен сакалдарын алууну талап кылышкан:

– Алар бизге сакал алгыч беришти. Биз санузелге кирип, сакалыбызды алып чыктык. Ошондон кийин гана чек арадан өткөрүшүп, кайра артка кайтууга уруксат беришти.

Гиёсевдин айтымында, чек арачылар жарандардын өздүгүн оңой тактоо үчүн ушундай кадамдарга барышууда.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда бир миллиондон ашык тажикстандык мигрант бар.

XS
SM
MD
LG