Ссылки доступа

Маркум Түркмөнбашынын үй-бүлөсү Берлиндеги курулушка миллиондогон инвестиция салууда


Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурад Ниязовдун жесири менен уулу
Түркмөнстандын маркум президенти Сапармурад Ниязовдун жесири менен уулу

Мурдагы Түркмөнбашы Сапармурад Ниязовдун үй-бүлө мүчөлөрү ээлик кылган компания Берлиндин эң кымбат райондорунун биринде эки объект курат. Бул тууралуу Der Tagesspiegel немис гезити жазды.

«Мурдагы «Түркмөнбашынын» үй-бүлө мүчөлөрү Trockland Group компаниясынын үлүштөрүнө ээлик кылышат. Ал компания Берлиндеги эң кымбат райондордун бири эсептелген Чекпойнт Чарли районуна объектилерди курганы жатат», — деп жазды гезит 28-ноябрдагы санында.

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, кезинде өзүн «Түркмөнбашы» деп атаган Сапармурад Ниязовдун кызы менен небереси Берлинде эки объектини курууга ниеттенип жаткан Trockland Group компаниясынын курамына кирген фирмалардын акцияларына ээлик кылышат. Ниязовдун күйөө баласы Владимир Сколов болсо Trockland Groupтун вице-президенти болуп, компаниянын миллиондогон инвестициялары үчүн жооп берет.

Гезиттин маалыматына караганда, маркум «Түркмөнбашынын» жесири Муза Ниязова дагы Trockland Group компаниясынын курамына кирген «Trockland XI Charlie GmbH» фирмасынын акцияларына ээлик кылат. Ал ошондой эле Берлиндин Данцингер Штрассе көчөсүндө турак-жай комлексин курган «Paragon Appartements» фирмасынын акцияларына ээлик кылып, кийин аны сатып жиберген.

​Der Tagesspiegel гезити Орусиядагы булактарына таянуу менен Муза Ниязова Түркмөнбашынын өлүмүнө чейин эле аны менен бейрасмий түрдө ажырашканын жазды. Маркум президенттин жакын санаалаштарынын биринин «Азаттыктын» түркмөн кызматына ырасташынча, Муза Ниязова чынында эле Түркмөнбашынын алгачкы президенттин жылдарында эле Москвага кетип, өлкөгө көп келбей жүргөн.

XS
SM
MD
LG