Ссылки доступа

Казакстан Сенаты Каспийдеги «Курмангазы» кенин иликтөөнү улантууга макулдук берди


Казакстан парламентинин сенаты Каспий деңизинин казакстандык секторундагы «Курмангазы» мунайгаз кенин чалгындоону улантууга макулдук берди.

Ноябрда Казакстан энергетика министри Канат Бозумбаев казакстандык «КазМунайГаз» менен орусиялык «Роснефть» компаниясы «Курмангазы» кенин чалгындоо үчүн кеминде 30 миллион доллар бөлүүнү пландап жатканын билдирген.

Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Курмангазы» кениндеги көмүрсуутек ресурсунун көлөмү бир миллиард тоннаны түзүшү мүмкүн.

2017-жылы Казакстан менен Орусия Каспий деңизинин түндүк бөлүгүндөгү тереңдикке чек салуу боюнча кошумча протоколго жана мамлекеттер аралык келишимге кол коюшкан.

Кошумча протоколду ратификациялоо менен чалгындоо иштери алты жылга узартылат жана иликтөөгө алынуучу аймактын аянты кеңейтилет.

XS
SM
MD
LG