Мекеменин маалыматына караганда, Миндия Гогочури Размадзе аттуу жаран менен бирге Тбилисинин четинде ижарага алынган батирлердин биринде кармалган. Размадзе адам денесине оор залал келтирүү айыбы менен издөөдө жүргөн.
ИИМден билдиришкендей, Размадзе менен Гогочурини колго түшүрүү маалында алар отурган батирден эки тапанча жана бронежилеттер табылган. Кармалгандар тапанчалардан кутулуу үчүн аларды терезеден сыртка ыргытып жиберишкен.
Маргвелашвилинин күйөө баласына буга чейин Тблисиде эки жолу кол салуу болгон: быйыл июлда ал бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилсе, былтыр ок жеп жарадар болгон.
Мындан тышкары Гогочури маңзатка байланышкан кылмыш ишинин фигуранты болгон. Анда ал бул ИИМ тарабынан өч алуу максатында атайын уюштурулган иш экенин билдирген.
Георги Маргвелашвили – Грузиянын учурдагы президенти. Инаугурациядан кийин өлкө башчылык кызматты ноябрдагы шайлоодо жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ээлейт.