Ссылки доступа

Telia Өзбекстан рыногунан кетти


Coscom (бренд Uсell) мобилдүү операторунун 94% акциясына ээлик кылган швед-фин Telia (TeliaSonera) компаниясы 5-декабрда өз үлүшүн Өзбекстан өкмөтүнө 215 миллион долларга сатты.

Компания Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар пара берүүгө күнөөлөнгөндөн кийин АКШ Юстиция министрлигине 1 миллиард доллар айыппул төлөөгө аргасыз болгон.

2018-жылдын 5-декабрында Telia Өзбекстандагы иши аягына чыкканын жарыялады. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлигине кабар берилгени айтылды.

Telia Өзбекстандан кетүү чечимин 2015-жылы эле кабыл алган. Ал “татыктуу кардар” таппагандан кийин Ucell брендин өзбек өкмөтүнө сатууга аргасыз болгон. Бул маалыматты компаниянын басма сөз катчысы Ральф Багнер тастыктады:

- Биз Ucell брендин Өзбекстан өкмөтүнө саттык, себеби ал “жоопкерчиликтүү кардар” классификациясына туура келет. Бул жараянда акча кайда кетери ачык-айкын жана биз өз милдеттемебизди аткардык. Бул азыркы тапта биз үчүн туура вариант деген бүтүмгө келдик.

Телекоммуникациялык компаниядан пара алууга айыпталган Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. 2015-жылы августта Ташкент соту Гүлнара Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, офшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG