Ссылки доступа

Ашхабад жашоочулары 15-декабрга чейин газ эсептегичтерин орнотууга милдеттендирилди


Ашхабадда турак-жайларда газ эсептегичтерин орнотуу кампаниясы уланууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жабдуулар 15-декабрга чейин коюлуп бүтүшү керек.

Өлкө жетекчилиги быйыл октябрда коммуналдык кызматтар үчүн жеңилдиктер жоюларын жарыялагандан кийин газ жана суу үчүн эсептегичтерди жапырт түрдө орнотуу башталган.

Түркмөнстан калкы 1993-жылдан бери газ жана сууну бекер колдонуп келген.

Эсептегичтерди жашоочулар өздөрү сатып алууда. Жабдуулардын баасы 258, 91 манат (74 доллар) турат, бирок айрым учурда анын баасы атайлап жогорулатылып жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG