Ссылки доступа

Тазабек Икрамов: Кыргызстан башка өлкөнүн провинциясы болуп калышы мүмкүн


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламент жыйынында Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк туристтер жакында өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирди:

– Чет өлкөлүктөр кыргыз кыздарга үйлөнүп, Кыргызстан жарандыгын алышууда. Бул чоң көйгөй. Эгер биз бул маселеге көңүл бурбасак, кийинки 20 жылда улуттук коопсуздук тармагында чоң көйгөй жаралат. Ош облусунун Кара-Суу базарында, Бишкектин “Дордой” жана “Мадина” базарларында чет өлкөлүк жарандар иштейт. Алар биздин жарандар менен атаандашып, бизнестен сүрүп чыгарууга аракет жасашууда. Элдин колундагы каражат чет өлкөгө чыгарылып кетүүдө. Кыргызстан жакында башка мамлекеттин провинциясы болуп калышы мүмкүн.

Депутат бул маселени чечүү үчүн Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик банктарга 50-70 миң доллар салышы керек деген сунушун айтты. Акча алар ишмердүүлүгүн аяктаганда кайтарылып берилет.

Икрамов ИИМ, ТИМ жана УКМКдан 45 күндүн ичинде өлкөдө канча чет өлкөлүк жаран иштей турганын аныктоону да талап кылды.

Өлкөдө расмий түрдө чет өлкөлүк жарандарга жыл сайын 16-17 миң иш квотасы берилет. Алардын 70% Кытай жарандары алат.

XS
SM
MD
LG