Ссылки доступа

Топ-5: Билгичтик менен ЖМКлардын көңүлүн өзүнө бура алган саясатчылар (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды. Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды. Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. (Директтен видео)

- Кесип тандаган кызды чектебейли. Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болоору тууралуу сөз болду. (Директтен видео)

- Армандуу Жеңиш таңы. Кыргыз музыкасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленип чыккан чыгармалар көп. Обон чыгарууга жаңыдан киришип жүргөн Саид-Махамад Калыбеков жакында өзүнүн обондорунун бирин улуу жазуучунун чыгармаларына таасирленип чыгарды. (Директтен видео)

- Тарых: Армениядагы жер титирөө. Советтик Армениядагы катуу жер титирөө 1988-жылы 7-декабрда болгон. Кырсык саналуу мүнөттөрдө өлкөнүн 1% калкынын - 25 миңдей адамдын өмүрүн алган. Зилзала Спитак, Киркован (азыркы Ванадзор), Ленинакан (азыркы Гюмри) калааларын талкалаган. Дал ушул окуядан Советтер Союзу эл аралык жардамга чек арасын ачкан. (сүрөт баян)

- Топ-5: кайсыл саясатчылар билгичтик менен ЖМКлардын көңүлүн өзүнө бурууда? (Настоящее время)​

- Бишкектеги "Дордой" базарында соодагерлердин эстелиги орнотулду. (Директтен видео)

- Азия: Кыргызстанда Атамбаев үчүн, Өзбекстанда арзан ун үчүн мушташууда. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары аз жерден мушташып кете жаздашты. Тажикстандык мигрант депортацияланышы мүмкүн – ФСБ офицерине анын хижабы жакпай калган. Өзбекстанда арзан унга кезекте тургандардын ортосунда мушташтар чыгууда. Казакстанда полициянын ишине телефондогу тиркеме аркылуу баа берилет. (Настоящее время)

- Өзбек бийлиги Кадыржан Батыровдун сөөгүн Ташкенттин четиндеги көрүстөнгө коюуга уруксат берди. (видео)

- Душанбеде мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын арасында сулуулук сынагы өттү. (видео Директ)

- Транспортту каттоодогу жемкорлук. (Кыргызстандан видео)

- Улакчы Андрей. (Кыргызстандан видео)

- Кытайда калган үч кыз Казакстанга келди. (Казакстандан видео)

- Тез жардам кызматы кандай шарттарда иштейт? Медициналык тез жардам көрсөтүү станциясынын айдоочулары эмгек шарттарына нааразылыктарын билдиришүүдө. Алар унааларды муздак гараждарда өз эсептерине оңдоодон тажашканын айтышууда. Станция жетекчилиги жумушчулардын бул айткандарын четке кагууда. (Казакстандан видео)

- Грузияда президент шайланды, бирок ЖМКлардагы күрөш уланууда. (Настоящее время)

- Файзабадда Орусиядагы жол кырсыгында каза болгондор жерге берилди. Ишемби күнү Тажикстандын Файзабад районунда Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү жерге берилди. (Тажикстандан видео)

- Канадада Huawei Technologies компаниясынын финансылык директору кармалды. (видео)

- Рождествого карата Нью-Йорк кооздолууда. (Настоящее время)

- «Аутизм – бул оору эмес, бул абал». Саиддин окуясы. (Азаттык Сорос фондунун “Бизден кийин” деген долбоорун сунуштайт).

- ОПЕК өлкөлөрү менен Орусия мунай өндүрүүнү азайтуу тууралуу макулдашууга келди. (видео Директ)

- Биринчи канал беларус жаранын үшүп жаткан украиндик катары көрсөткөн. Орусиянын Биринчи каналы жылуулук үчүн акча төлөй албай, кышында үшүп жаткандыгы үчүн Евромайданды айыптаган «украиналык» тууралуу сюжет көрсөттү. Бирок ал чынында Беларус жараны болгон. Бул үчүн ал кечирим сурап, уялып жатканын айтты. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG