Ссылки доступа

Тажикстанда «бадахшанит» жана «фалгарит» деп аталган эки жаңы минерал табылды


Эл аралык минералогиялык ассоциация Тажикстанда табылган эки жаңы минералды дүйнөлүк тизмеге кошту. Бул тууралуу өлкөнүн Илимдер академиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Бадахшан аймагында жана Зерафшан өрөөнүндө табылган минералдар «бадахшанит» жана «фалгарит» деген аталыштарга ээ болуп, Эл аралык минералогиялык ассоциация тарабынан быйыл 18-сентябрда каттоого алынган.

Совет доорунда, андан кийин эгемендик жылдары Тажикстанда башка жерлерде кездешпеген минералдардын ондогон жаңы түрлөрү табылып, дүйнөлүк тизмеге кошулган. Алардын арасында «тажикит», «гармит», «дараипиёзит» жана башкалары бар.

Жалпысынан дүйнөдө минералдардын 5300дөн ашык түрү табылып, жыл сайын ал тизме жаңы ачылыштар менен толукталып келет.

XS
SM
MD
LG