Ссылки доступа

Орусияда тажикстандык кесиптешин мууздап, башын өрттөп жиберген жаран күнөөсүн мойнуна алды


Орусиянын Волгоград облусундагы мал сарайлардын биринде тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке жагып салган өзбек тектүү орус жараны күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Волгоград облустук бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Выстропов билдирди.

Анын айтымында, шектүү кылмыш кылган күнү кечке жакын окуя жөнүндө чогу иштеген жумушчулардын бирине билдирип, анын эч кимге айтпоосун өтүнгөн. Бирок берки окуя тууралуу дароо мал сарайдын ээсине жана укук коргоо органдарына кабарлаган.

«Шектүүнү окуя болгон жерге барган тергөө тобу кармады. Азыр анын психикалык саламаттыгы боюнча шектенүүлөр болууда. Анткени ал мындай аракетин маркум аны кечке тиктеп, бул анын кыжырын келтиргендиги менен түшүндүрүүдө», — деди Выстропов.

Ал ортодо Волгоград шаарындагы тажик коому маркумдун тек-жайын аныктап, ал Тажикстандын Турсунзода шаарынын 51 жаштагы тургуну Саиджон Холёров болгонун билдирди.

«Азырынча анын туугандарын таба элекпиз. Жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен укук коргоо органдары менен дипломаттарга кайрылдык. Эгер табылбаса анын сөөгү ушул жакта жерге берилиши мүмкүн», — деди аталган шаардагы тажик коомунун башчысы Саидахмад Махмадов.

Ал учурда Холёровдун сөөгү Волгоград шаарынын Ленин районундагы өлүкканада экенин кошумчалады.

Өткөн жумада Волгоград облусундагы маалымат каражаттары 4-декабрда жергиликтүү мал сарайлардын биринде иштеген өзбек тектүү жаран тажикстандык кесиптешин мууздап, башын мешке жагып жибергенин кабарлашкан.

«Жумуш маалында өз ара айтышкандан кийин алар уй сарайга барышкан. Анда 36 жаштагы өзбек жараны 51 жаштагы тажикстандыкка бычак сайган. Андан соң кылмыштын изин жашыруу үчүн аны мууздап, башын мешке жагып жиберген. Сөөгүн болсо сарайдын артындагы чөптүн арасына катып койгон», – деп жазган «НовостиВолгограда.ру» сайты.

XS
SM
MD
LG