Ссылки доступа

Тажикстанда жылдын мыкты журналисти жана укук коргоочусу аныкталды


Тажикстандагы адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бюро 2018-жылдагы өлкөнүн мыкты журналистин, укук коргоочусун жана бейөкмөт уюмун аныктады.

Бюронун директору Наргис Зокированын билдиришинче, сыйлык тапшыруунун максаты журналисттер менен укук коргоочуларга дем берүү болуп эсептелет.

Бюронун версиясына ылайык, «2018-жылдын активдүү журналисти» болуп «Вечерка» басылмасынын башкы редактору Гульнора Амиршоева табылды. Сыйлык тапшыруу маалында анын жыл бою аялдар менен балдардын укуктарын коргоп, алардын күнүмдүк маселелерин басылмада жана социалдык түйүндөрдө чагылдырып келгени белгиленди.

Гульнора Амиршоева 2018-жыл ЖМК кызматкерлери үчүн оор жыл болгонун айтты. ​«Жыл өткөн сайын бийликтин басымы күчөп барат. Бул маселени чечүү үчүн биригип, бири-бирибизди колдоп башташыбыз керек. Ошондо гана басымга туруштук берип, оюбузду эркин айтуу укугубуз үчүн күрөшө алабыз», — деди ал.

«Жылдын мыкты укук коргоочусу» деп бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү эмес, өлкөнүн Юстиция министрлигинин өкүлү табылды. Бул номинация боюнча сыйлык министрликтин Коомдук уюмдар менен саясий партияларды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Рано Каримовго ыйгарылып, анын бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешкендиги жана алардын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөндүгү белгиленди.

Быйылкы жылдын мыкты укук коргоо уюму деп «Жарандык эркиндик кеңсеси» коомдук бирикмесинин Согди облусундагы өкүлчүлүгү аталды. Сыйлык тапшыруу маалында уюм быйыл адам укуктарынын сакталышы тармагына чоң салым кошкондугу айтылды.

XS
SM
MD
LG