Ссылки доступа

Адам укуктарынын абалы талкууланды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Татарлар тилин коргоп чыгышты. Армениядагы шайлоодо Никол Пашиняндын блогу алдыга чыкты. Францияда “сары кемселчендердин” акциялары төрт жумадан бери токтой элек. Сауд Аравия менен Иран кайрадан бири-бирин айыпташты. Евробиримдик сириялык качкындарга баш паанек берген мамлекеттерге колдоо көрсөтүүнү улантат. (видео)

- Адам укуктарынын абалы талкууланды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү. (видео)

- Айыптоочу Бөдөшевди өмүр бою кесүүнү суранды. Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште жарыш сөз болду. Жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге 23 жыл, анын досу Акмат Сейитовго жети жыл сурап, айыпталуучулардын кунөөсү далилденгенин белгиледи. Жабырлануучу тарап Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты. Ал эми айыпталуучулардын жактоочусу далилдерди жетишсиз деп эсептеп, Бөдөшев жана Сейтовго коюлган кинелер боюнча актоону суранды. (видео)

-Зилалиевдин байлыгы тууралуу маалымат берилди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин камалышы боюнча түшүндүрмө берди. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес. (видео)

- УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтти. УКМКнын маалыматына ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган учурдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банкта 889 900 доллар сактап келген. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес. (видео)

- Душанбеде мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын сулуулук сынагы өттү. (видео Директ)

- Улакчы Андрей. (Кыргызстандан видео)

- Кытайда калган үч кыз Казакстанга келди. (Казакстандан видео)

- Грузияда президент шайланды, бирок ЖМКлардагы күрөш уланууда.(Настоящее время)

- Файзабадда Орусиядагы жол кырсыгында каза болгондор жерге берилди. Ишемби күнү Тажикстандын Файзабад районунда Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү жерге берилди. (Тажикстандан видео)

- Канадада Huawei Technologies компаниясынын финансылык директору кармалды. (видео)

- «Аутизм – бул оору эмес, абал». Саиданын баяны. (Азаттык Сорос-Казакстан фондунун тасмасын көрсөтөт).

- Чехияда ымыркайларды ким сактайт?. (Настоящее время)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG