Ссылки доступа

Гүлнара Каримованын уулу: Апам Өзбекстандагы өзгөрүүлөрдү колдоону чечти


Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова өлкөнүн коомдук жашоосуна кайрадан аралашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу анын Улуу Британияда жашаган 25 жаштагы баласы Ислам Каримов Instagram баракчасына жазды.

«Өлкөбүздүн жаңы жетекчилигинин демилгеси менен Өзбекстандын жаркын келечеги үчүн бекем база түзүүгө мүмкүндүк бере турган көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондуктан апам өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү каржылык жактан дагы, физикалык жактан дагы колдоону чечти», — деп жазды Ислам Каримов.

Былтыр 28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «Гүлнара Каримовага каршы кылмыш иши козголгонун» расмий сайтына жарыялаган. Анда маркум президенттин кызы 2015-жылы августта Ташкент облустук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылганы жазылган. Көзөмөл орган быйыл 3-октябрда Гүлнара Каримова өлкөдөгү абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирген.

4-сентябрда Стокгольмдо өткөн соттук угууларда швед прокурору Гуннар Стетлер Каримованын жакын тааныштары Гаянэ Авакян, Рустам Мадумаров сыяктуу адамдардын атына ачылган оффшор компаниялардын, ошондой эле башка объектилердеги акциялардын бардыгына Гүлнара Каримова жеке өзү ээлик кыларын далилдеген фактыларды көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG