Ссылки доступа

АКШда тыңчылыкка айыпталган Мария Бутина күнөөсүн мойнуна алышы мүмкүн


Мария Бутина

Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп АКШда кармалган Мария Бутина көрсөтмөсүн өзгөртүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Буга чейин ал айыптоолорду четке кагып келген.

Азыр ал чет мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон киши катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн жоопкерчилигин мойнуна алууда. Бутина менен АКШ бийлигинин сотко чейинки келишими ушундай. Ошондой эле ал эгер сотко чакырылса, калыстар тобунун алдында көрсөтмө берүүгө милдеттеме алды.

Буга чейин ал кылмыш ишин аягына чыгаруу боюнча федералдык прокуратура менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Бутинанын күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок прокуратура менен түзүлгөн келишимге ылайык, анын мөөнөтү кыскартылышы да ыктымал. NPR радиосу өкүм кийинки жылы чыгарын маалымдады.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ал "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", "чет элдик агент" деп айыпталган. Мындан тышкары каттоодон өтпөгөн "чет элдик агент", "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган.

Видео

Видео

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00
XS
SM
MD
LG