Ссылки доступа

Өзбекстанда жеке ишканалардын газы өчүрүлүүдө


Өзбекстанда декабрдын башынан тарта мамлекеттик эмес ишканаларга газ берүүнү токтотуу жараяны башталды. Ишкерлер газдын жоктугунан улам көптөгөн ишканалар ишин токтотуп, адамдар жумушсуз калып жатышканын билдиришүүдө.

Ташкент облусунун Зангиата районундагы кондитердик ишкананын ээси аларга газ берүү 9-декабрда токтотулганын билдирди. «Алар алдын-ала эскертишкен эмес. Газчылардын атайын тобу кыдырып жүрөт. Алар жогору жактан буйрук болгонун айтып, акт түзүп өчүрүп жатышат. Кагаз жүзүндөгү эч кандай буйрукту көрсөтүшкөн жок. Газ үчүн карызым жок болчу. Биз дайыма бир ай алдыга төлөп турчубуз», — деди ал.

Зангиата райондук газ башкармалыгынын кызматкери ишкерлерден тышкары райондогу мамлекеттик эмес башка бардык объектилерге газ берүү токтотулганын айтты. «Мектеп, бала бакча жана ооруканалардан башка бардык объектилерди өчүрдүк. Калган бардык ишканаларга кышы бою газ берилбейт»» - деди мекеменин кызматкери.

«Узтрансгаздын» маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык мааниге ээ эмес ишканаларга газ берүү токтотулууда.

Өзбекстанда газдын ички керектөө көлөмү тууралуу маалыматтар ачык жарыяланбайт. Акыркы 10 жыл ичинде өлкөдө жаратылыш газынын тартыштыгы байкалууда. Аймактардагы жүздөгөн айылдар 4-5 жылдан бери газсыз жашап келишет.

Жергиликтүү калк газдын башка өлкөлөргө сатылып, бирок жарандар тезек жагып жашоого мажбур болуп жатканына даттанып келишет.

XS
SM
MD
LG