Ссылки доступа

Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктердин баасы кымбаттоодо


Түркмөнстанда алкоголь жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы менен спирттик ичимдиктердин кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Түркмөнстан Хроникасы” басылмасы билдирди.

Мыйзам боюнча алкоголь ичимдиктери дүкөндөрдүн жана атайын соода жайларынын арак-шарап бөлүмдөрүндө, касса аппараты жана төлөм терминалы бар ресторан, кафелерде гана сатылышы керек. Сатуу иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт, 21 жашка чейинки жарандарга спирт ичимдиктерин соодалоого тыюу салынат.

Мыйзам баскыч-баскыч менен 2021-жылга чейин күчүнө кирет.

Бул арада Түркмөнстанда декабрдан тарта алкоголдук продукциялардын баасы кымбаттай баштады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, учурда Ашхабадда эң арзан арактын баасы 13 манат (расмий курс боюнча 4 доллардын тегереги) турат. Эң кымбаты 100 манатка чейин жетет. Бирок аларды бардык соода түйүндөрү ачык сата албайт. Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктерди сатуу үчүн лицензия алуу оор.

XS
SM
MD
LG