Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жогорку сот башкы прокурордун жүйөлөрү менен макул болуп, укук бузуу белгилери жок болгондуктан кылмыш ишин токтотту.
2016-жылы Казакстандын Исатай райондук соту Тажиев аттуу өзбек жаранын «өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимди аткарбагандыгы» үчүн 290 доллар айып төлөөгө жана өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.
Бир жылдан соң ошол эле сот «Соттун өкүмүн аткарбоо» беренеси менен Тажиевди алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Казакстан мыйзамдыраны ылайык, эч ким бир эле иш үчүн кайра кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек.