Ссылки доступа

Түркмөнстандын аймактарында ун тартыштыгы уланууда


Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда ун тартыштыгы уланууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аймактагы мамлекеттик дүкөндөргө жумалап ун жеткирилбей, жеке соода жайларда болсо баалар өсүүдө.

Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, облус борборундагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөнү өткөн жума бою жабык болду.

«3-декабрдан бери мамлекеттик дүкөндөн бир дагы жолу ун сатып ала алган жокпуз. Күн сайын барып жатабыз. Бүгүн дагы 20дан ашык киши дүкөндүн алдында саат түшкү 12ге чейин күттүк. Дүкөн бул жумада дагы ачыла элек», — деди ал.

Учурда мамлекеттик дүкөндөрдө бир килограмм ундун баасы 2 манат, нандыкы 1 манат (Түркмөнстан Борбордук банкынын курсуна ылайык, 1 доллар 3,5 манатка барабар). Базарлар менен жеке дүкөндөрдө баалар бир нече эсеге жогору.

Күн мурун облустагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатуунун көлөмү азайтылгандыгы кабарланган.

Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы бар экенин расмий моюнуна албай келет. Ошол эле маалда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында кезекте тургандарга көзөмөл жүргүзүп турат.

XS
SM
MD
LG