Ссылки доступа

ЕБ Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты


Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Орусияга каршы Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартышты. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Рикард Йохвиак билдирди.

Европа кеңешинин башчысы Дональд Тусктун айтымында, чектөө чаралары Москва Минск келишимин аткарууда эч кандай жылыштарды көрсөтпөгөндүктөн улам сакталып калды. Мындан тышкары буга Орусиянын жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда украин мыйзамдарын бузуу менен шайлоо өткөрүүнү колдогондугу себеп болгон.

Санкцияларды Европа биримдиги Крымдын аннексиясына жана Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди колдогондугуна байланыштуу 2014-жылы киргизген. Андан бери чектөө чараларынын мөөнөтү ар жарым жыл сайын узартылып келет.

Москва Украинанын чыгышындагы жаңжалга түздөн-түз катышып жатканын четке кагып, Крымдын Орусияга кошулуусун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» деп атап келет.

XS
SM
MD
LG