Ссылки доступа

Түркмөнстанда банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди


Лебап облусунун Түркмөнабад шаарынын жашоочулары төлөм карталарынан акча чыгара албай кыйналышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 12-декабрда банкоматтардын алдында узун кезек жаралды.

Маалыматтарга караганда, Түрмөнабадда “Халкбанктын” банкоматтарында гана чектелүү өлчөмдө каражат бар. Бирок алардан 200 манатка чейин эле акча чыгарып алууга болот.

11-декабрда “Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасы өлкөнүн ар кыл аймактарында банкоматтар алдында узун кезек жаралганын жазган.

Түркмөнстанда акыркы беш жылдан бери бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлердин маянасы банк карталарына которула баштаган. 2017-жылдын 1-январынан тарта пенсия, жөлөк пулдар дагы ушул система менен берилүүдө.

Түркмөнстан Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата түркмөн банктары 1 миллион 709 миң 603 даана төлөм карталарын чыгарышкан. Өлкө боюнча 14 858 терминал иштейт.

XS
SM
MD
LG