Ссылки доступа

Өзбекстан өкмөт башчысы Ош шаарына келет


Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу үчүн 18-декабрда Ош шаарына келет.

Өзбекстан ТИМинин маалыматы боюнча эи өлкө делегациясы чек ара маселелерин талкуулашат.

18-декабрда Ошто Өзбекстандын чек арага жакын облус башчылары жана Кыргызстан өкмөтүнүн чек арага жакын облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөр кеңешинин экинчи жыйыны өтөт.

Кеңеш 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн.

Кеңештин алгачкы жыйыны быйыл 29-30-мартта Фергана облусунда өткөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 85 пайызы такталган.

XS
SM
MD
LG