Ссылки доступа

Ипподром иши: ишкер абакта калды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Ипподром иши: ишкер абакта калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды. Ат майдандын курулушуна байланыштуу биринчи козголгон кылмыш ишинин негизинде ишкер алгач алты жылга түзөтүүчү абакка кесилген, бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. ИИМ болсо “ишкердин экинчи ирет камалышы мыйзамсыз” деген дооматтарды четке кагууда. (Директтен видео)

- Козукеевдин сахнада калган "Керээзи". Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда Эмгек сиңирген артист Марат Козукеевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, күйөрмандары катышты. Эскерүү кечеде театрдын артисттери ал койгон спектаклдерден үзүндү ойноп беришти. (Директтен видео)

- Мектепке жарыбаган жаңы конуштар. Бишкек четиндеги жаңы конуштарда мектеп маселеси чегине жетти. Жалаң кыз-келиндерди ташыган такси кызматы. Адабиятты аздектеген үй-бүлө. "Делбиримден" дүйнөгө таанылган түрк актрисасы. (Директтен видео)

- Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн Асанбаев. Алмазбек Асанбаев – Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлгөн мекендештердин бири. Ал 1992-жылы Түркияга окууга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө Анкарадагы ТRТ телеканалынын "Түркия үнү" радиосунун кыргыз кызматын башкарууда. (Директтен видео)

- Аалам периси анык болду. Подмосковьеде имараттын чатыры кулап, адам өмүрлөрү кыйылды. Жаракат алгандар да бар. Венгриялыктар «кулчулук мыйзамын» кабыл алды деп, өкмөткө каршы толкуду. Кытайлык укук коргоочулардын аялдары куугунтукка каршылык иретинде чачтарын кырып салышты. Аалам периси аныкталды. (Директтен видео)

- Азия: Казакстандын эгемендүүлүк күнүндө адамдар кармалды. Казакстанда эгемендүүлүк күнү жапырт түрдө укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер кармалды. Казакстанда Назарбаевди мактаган кезектеги тасма прокатка чыкты. Кыргызстанда бир нече мамлекеттик кызматкердин кирешелери тууралуу декларациясында туура эмес маалыматтар табылды. (Настоящее время)

- 16-декабрда Казакстанда активисттер кармалды. (видео Директ)

- Кыргызстанда аял айдоочулар иштеген такси кызматы ачылды. (Видео).​

- Сары-Чаган: Казакстандагы өзөктүк ракеталарды сыноочулардын каралбай калган шаары. (Настоящее время)

- Душанбеде президенттин уулунун чач тарамы модага айлынды. (Настоящее время)

- Майыптыгы бар адамдар үчүн ачылган Бишкектеги бий мектепби. (Настоящее время)

- Москвада балдары мигрант-окуучулар менен окуган ата-энелер эмнеге нааразы? (Директтен видео)

- Шавкат Мирзиёев 60 миң көчөт сатып алып, шарап жасоо буйругун берди. (видео)

- Орус бийлиги жасалма документ үчүн тажикстандык аялды депортациялоого ниеттенүүдө. (видео Директ)

- Жамшитбек Калилов: Кызматтан кетүүнү чечтим. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов видео кайрылуу таратып, анда ал кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазганын айтты. (видео)

- Душанбеде бир район жашоочулары 20 жылдан бери турак-жайларынын документтерин бүтүрө албай жүрүшөт. (Настоящее время)

- Кыргызстанда активисттер тоолуу айылдарга интернет тартып, тургундардын жашоолорун өзгөртүп жатышат. (Настоящее время)

- Ирандагы казактардын жашоосу. 20-кылымдын башындагы кургакчылыктан жана мурдагы СССР аймагындагы революциядан кийин казактардын тобу Иранга көчүп кетишкен. Учурда Ирандын Гулистан провинциясында 3 миң кишиден турган ошол казактардын алтынчы мууну жашап жатат. (сүрөт баян)​

- Казакстан. Алексей Уткин. Чектөөсүз мүмкүнчүлүккө ээ сүрөтчү(Инфогарфика)

- Жекшенкулов: Бакиев Дерипаскага Камбар-Ата боюнча Максим менен иштешүү керектигин айткан. (Кыргызстандан видео)

- Шариф Рахимзода: "Биз так илимдерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. (Тажикстандан видео)

- 102 жаштагы австралиялык кызы менен 4 чакырым бийиктиктен парашют менен секирди. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG