Ссылки доступа

Душанбе борборунда 18 метрлик куранттуу мунара салынууда


Душанбенин борборунда жайгашкан Дусти аянтында 18 метрлик куранттуу мунаранын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа башчынын биринчи орун басары Мухаммадсаид Зубайдзода билдирди.

Анын айтымында, курант 1949-жылы Тажик СССРинин 20 жылдыгына карата орнотулган чоң тактанын ордуна салынат. Тажик интеллигенциясы, колхозчулары, жумушчулары жана аскер кызматкерлери, ошондой эле Тажик СССРинин герби түшүрүлгөн ал такта 2015-жылы декабрда бузулган. Анда мэрия бул аракетин совет доорундагы эстеликтин Душанбенин башкы планы менен дал келбестиги менен түшүндүргөн.

2013-жылы тажик борборунун жаңы башкы планы жактырылган. Анда совет мезгилинде тургузулган шаардын борборундагы ондогон имарат бузулушу керектиги көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG