Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгы жыл сайын февралда тапшырылат.
Талапкерлер сунушталгандан кийин алгач узун тизмеге кирет, тандалгандары кыска баракка жазылат. Арасынан жеңүүчүлөр аныкталат.
Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушу жөнүндө баяндайт.
Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган. Андагы баш каарманды казакстандык актриса Самал Еслямова ойногон. Бул образы үчүн Еслямова быйыл Канн фестивалында “Аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыган.