Ссылки доступа

Тажикстанда күйөөсү «кыздыгың жок» деп айыптаган келин милиция болууну чечти


Тажикстанда күйөөсү «кыздыгың жок деп» үйдөн кууп чыккан Мастона Ато аттуу келин өзүндөй оор абалга туш болгон кыздарга жардам берүү үчүн Милиция академиясына тапшырууну чечти.

«Мен мындан ары ыйлабайм, кайрадан турмушка чыгууну каалабайм. Келечекте милиционер болуп, башка аялдарга жардам бергим келет», — деди Мастона.

Душанбеде жашаган 21 жаштагы Мастона жалган жалаа жаап, ур-токмокко алган күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырууну көздөп жатат. Анын атасы Асомиддин Жалолов бир жыл ичинде 16 мамлекеттик мекемеге, анын ичинде милицияга, прокуратурага, аялдар иштери боюнча комитетке жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок алар бул ишке көңүл бурушкан эмес.

Күйөөсү үйдөн кууп чыккан күнү үй-бүлөсү Мастонаны Душанбедеги Соттук медициналык борборго жеткиришкен. Анда дарыгерлер анын үйлөнүү тойго чейин кыздык белгиси болгонун ырасташкан.

Тажикстанда алгачкы жолу турмуш куруп жаткан жаштар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. «Кыздыгын текшерүү тести» милдеттүү эмес, бирок кыздардын көбү болочок күйөөсүнүн талабы боюнча ал тесттен өтүшөт.

Жакында эле БУУ кыздык белгини текшерүү тесттерин киргизген өлкөлөрдү ал тажрыйбадан баш тартууга чакырган. Уюмдун эксперттеринин пикиринде, мындай тесттердин зарылчылыгы жок жана алар кыздарды кемсинтет.

XS
SM
MD
LG