Ссылки доступа

Өзбекстанда Peugeot Citroen заводунун курулушу токтоп калды (видео)


Өзбекстандын Жизак облусундагы Uzbekistan Peugeot Citroen Automotive автоунаа заводунун курулушу токтоп калды. Былтыр анын 2018-жылдын 10-декабрында ишке бериле тургандыгы айтылган.

«Азыр баары токтогон, эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок. Себептери тууралуу автопромдүн өкүлдөрүнөн сураганыңар туура болот», — деди Жизак облустук акимчилигиндеги өз булактардын бири.

Заводдун курулушу менен алектенип жаткан компаниялардын биринин инженери иштин токтоп калганына байланыштуу жүздөгөн киши жумушсуз калганын билдирди.

– Курулуш иштеринин токтулганына бир айдай болуп калды. Бизге акча жок экенин айтышты. Азыр курулушта иштеген жүздөгөн киши Ташкентке келишти. Аларды ишкананын башка башкармалыгына жумушка орноштуруу тапшырмасы берилди», — деди инженер.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, «Жизак» эркин экономикалык аймагындагы биргелешкен заводдун курулушунун токтотулушу PSA Groupe француз компаниясынын долбоордон баш тартуу чечимине байланыштуу болушу мүмкүн. «Француз тарап 30 жылдын ичинде салынган инвестицияны кайра кайтарып ала албай калабызбы деп күмөн саноодо. Алар долбоор өзүн актабай калат деп ойлоп жатышат. Ошондуктан азырынча алардын Өзбекстанга келер-келбеси белгисиз», — деди жергиликтүү аткаминерлердин бири.

17-декабрда PSA Groupe корпорациясынын басма сөз кызматы Өзбекстандагы долбоордун келечеги тууралуу берилген суроого кыска жооп берген. «Өзбекстандагы долбоор уланат, биз учурда анын үстүнөн иштеп атабыз», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Былтыр 16-майда «Узавтосаноат» акционердик коому Өзбекстанда коммерциялык жеңил автоунааларды чыгарган биргелешкен ишкана ачуу тууралуу «Peugeot Citroen Automobiles S.А» француз компаниясы менен келишимге кол коюлганын билдирген. Анда биргелешкен ишкананын 29,3 миллион еврону түзгөн уставдык капиталынын үлүшү бирдей бөлүштүрүлгөнү жана долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 133,3 миллион евро экени айтылган.

Документте долбоор Жизак облусундагы «Жизак» эркин экономикалык аймагында ишке ашырылып, заводдун курулушуна 45 гектар жер аянты бөлүнүп бериле турганы жазылган. Мындан тышкары өлкө президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун катышуучулары үчүн айрым бажы жана салык жеңилдиктерин берүү тууралуу токтомго кол койгон.

XS
SM
MD
LG