Ссылки доступа

Түркмөнстанда алгачкы музыкалык лейбл негизделди


Түркмөнстанда жакында гана пайда болгон алгачкы Music Planet лейбли  Жаңы жыл алдында Ашхабадда концерт берет. Иш-чара 23-декабрда болот.

Фергана.ру басылмасы билдиргендей, Music Planet лейбли быйыл 17-ноябрда Түркмөнстан музыка коомчулугу тарабынан түзүлгөн. Компаниянын максаты – жаш таланттарды музыка искусствосуна тартуу, түркмөн поп-сахнасына жаңы ысымдарды алып чыгуу.

Долбоордун автору Дмитрий Осипов Түркмөнстанда буга чейин музыкалык лейбл болбогонун, бул индустрияга алар биринчи ирет кадам ташташканын билдирди. Ал чоң сахнага “жолдомо” алууну каалагандар көп болуп жатканын, алардын ичинен таланттуулары тандалып, келишим түзүлөрүн кошумчалады.

Түркмөнстанда искусствонун бардык тармагында катаал цензура бар. Мамлекеттик эмес продюсердик борборлор жаңыдан гана пайда болууда. 2018-жылы жеке театр оюну көрсөтүлүп, бул чоң жетишкендик катары жарыяланган.

Быйыл августта Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү цензура комиссияларынын курамын жаңылаган. Учурда өлкөнүн "эстрадалык жана адабий бренди" – Бердымухамедов. Президенттин чыгармачылыгын өлкөдөгү бардык телеканалдар милдеттүү түрдө чагылдырып турушат.

XS
SM
MD
LG