Ссылки доступа

CIT: Сирияда дагы бир орусиялык окко учту


Сирияда орусиялык Александр Дудченко мерт болду. Бул маалыматты 18-декабрда Conflict Intelligence Team иликтөө тобу тастыктады.

Иликтөө тобу Александр Дудченко менен бир мектепте окуган кишиге байланышкан. Ал досторуна жана маркумдун туугандарына шилтеме берүү менен анын өлгөнүн тастыктаган.

Орусиялык ММКлар Дудченкону "астрахандык десант“ деп аташкан, бирок өлөр алдында ал аскер кызматкери болбогону белгиленген. Александр Дудченконун социалдык түйүндөгү жеке маалыматтарына караганда, ал 33 жашта болгон, мурда Ивановдогу аба-десант дивизиясында кызмат өтөгөн.

"Астрахань 24" маалымат агенттигинин билдиришинче, ал миномёттук аткылоого кабылган. Al Masdar сайты окуя Сириянын Латакия провинциясында болгонун белгилеген. Бирок Дудченконун өлгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

Орусиялык аскерлер 2015-жылдын сентябрь айынан бери Сирия президенти Башар Асаддын тарабында согушуп келет. Владимир Путин алар аба соккуларына гана катышып жатканын белгилеген. Бирок Сирияда орусиялык аскер кеңешчилеринен тартып, аскер полициясына чейин бар экени расмий түрдө тастыкталган.

XS
SM
MD
LG