Ссылки доступа

Трамптын кайрымдуулук фонду мыйзамсыз каржы операцияларын жүргүзүүгө айыпталууда


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамптын кайрымдуулук фонду мыйзамсыз каржы операцияларына байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Барбара Андервуд билдирди. Ал фонддогу калган акчалардын бөлүштүрүлүшүнүн мыйзамдуулугуна көз салат.

Прокурор Дональд Трампты жана анын үч баласын фонддогу акчаларды жеке жана саясий максаттарга колдонууга айыптоодо. Фонддун адвокаты прокурорду ишти саясатташтырууга күнөөлөндү.

Барбара Андервуд Трампка жана анын балдары – кенже Дональд, Иванка жана Эрикага карата иликтөө уланарын кошумчалады.

Прокурордун билдирүүсүндө, фонд президенттик кампания учурунда үрөйдү учурган мыйзам бузууларга барганы айтылат.

Барбара Андервуд фактлардын жыйынтыгы менен Трамптын фондун жеке “чек китепчеге” салыштырган. Фонд Трамптын иштиктүү жана саясий кызычылыктары үчүн кызмат өтөгөн.

Дональд Трамп президенттик шайлоо алдында Орусия менен кутумга барууга да шектелип келет. Иликтөөнү ФБРдин мурдагы директору Роберт Мюллер жетектөөдө.

XS
SM
MD
LG