Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшту


Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өтүп жаткан экинчи жыйыны аяктады.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жыйын соңунда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшту.

Жол картасына соода тармагында, өнөр жайында биргелешкен кооперация түзүү, карантин жана ветеринария тармактарында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташтык жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

18-декабрдагы жыйында мындан сырткары аймак аралык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, мамлекеттик чек ара тилкелеринен өтүүнүн шарттарын жакшыртуу маселелери да каралды. Анын алдында өкмөт башчылар тар чөйрөдө жолугушту.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин биринчи жыйыны быйыл март айында коңшу өлкөнүн Фергана шаарында өткөн.

XS
SM
MD
LG