Ссылки доступа

Өзбекстанда газы өчүрүлгөн аял нааразылык катары өзүнө өрт койгонун билдирүүдө


14-сентябрда Ташкент облусундагы Кибрай райондук акимчилигинин имаратында өзүнө өрт койгон Назима Эргашева бийлик айткандай жыйындар залын эмес, өзүн өрттөөгө аракет кылганын билдирүүдө.

Газ түтүгүнүн негизсиз кесилгенине нааразы болгон 29 жаштагы Назима Эргашеванын айтымында, 14-декабрда ал акимчилик имаратында өтүп жаткан жыйынга нааразылык катары өзүмө өрт коём деп алдын ала даярданып барган.

«Мени акимдин орун басары менен аялдар иштери боюнча комитеттин өкүлү кабыл алды. Алар менин арызымды угуп, жардам берүүнүн ордуна орой мамиле кылышты. Ошондо мен «силер баары бир мени укпайсыңар, өзүмө өрт коем» деп, колума бензин куюп ширеңке чактым. Колум күйө баштаганда бензин куюлган бөтөлкө жерге түшүп кетип линолеум өрттөнө баштаган», - деди Эргашева.

15-декабрда Кибрай райондук акимчилигинин өкүлү аял өзүн эмес, жыйын өтүп жаткан залды өрттөөгө аракет кылганын билдирген.

Назиманын айтымында, анын чынында эле газ үчүн 7 миллион 200 миң сум (870 доллар) карызы бар. Ал күнү аял жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн материалдык жардам сураган.

XS
SM
MD
LG