Ссылки доступа

Москвада өзбекстандык өспүрүм соцтүйүндөгү түз эфир маалында өз жанын кыйган


Москвада 14 жаштагы өзбекстандык өспүрүм социалдык түйүндөгү түз эфир маалында өз жанын кыйган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, анын атасы Өзбекстандын, апасы өзбек тектүү орус жараны.

Социалдык кызматтардын өкүлдөрүнүн айтымында, өспүрүм бош убактысынын көбүн компьютердик оюндарды ойноп өткөрчү. 16-декабрда ал спирт ичимдигин ичип алган. Кечки саат тогуз жарымдарда 16-кабатка чыгып, социалдык түйүндөрдүн биринен түз эфир баштаган.

Анда өспүрүм бардыгынан тажаганын айткан. Түз эфирди эки колдонуучу көрүп, бирөөсү анын бул кадамын колдосо, экинчиси аны өз жанын кыйбоого көндүрүүгө аракет кылган.

Түз эфир үч мүнөткө созулуп, бир нече секунддан кийин өспүрүм өз жанын кыйган.

XS
SM
MD
LG