Ссылки доступа

Казакстан улуттук экономика министри бирдиктүү электрондук валютага каршы


Казакстан улуттук экономика министри Тимур Сулейменов Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында орток электрондук валюта киргизүү демилгелерин колдобой турганын билдирди.

«Бул менин жеке көз карашым, саясатчы иретинде дагы позициям ушундай. Менимче, улуттук валюта – бул гимн, герб, туу сыяктуу эле суверенитетибиздин символу. Биз аны коргоп, өнүктүрүп сакташыбыз керек. Кандайдыр бир квази-, прокси валюта жана буга окшогон нерселерге жол бербешибиз керек», –деди министр.

Сулейменовдун айтымында, ЕАЭБдин бирдиктүү валютасын түзүү боюнча Орусия расмий сунуш айткан эмес:

--Орусиянын улуттук төлөм кеңеши бул сунушту талкуулап жатат. Аларда мындай бир нече сунуш бар, бирок ЕАЭБдин бирдиктүү электрондук валютасын чыгаруу Орусиянын расмий сунушу эмес. Казакстандагы каржы ассоциациялары дагы ушундай эле сунуш жасай алат.

Буга чейин альянстын аймагында бирдиктүү электрондук валюта киргизүүнү “Улуттук төлөм кеңеши” демилгелеген. Кеңештин мүчөсү Андрей Лисицын трансчекаралык төлөмдөрдү өнүктүрүүдө көйгөйлөр болуп жатканын белгилеген.

Москва жетектеген соода-экономикалык блокко Казакстан жана Кыргызстандан тышкары Беларус менен Армения да кирген.

XS
SM
MD
LG