Жергиликтүү телеканалдардын биринин буйрутмасы менен тартылган тасмада 90-жылдардын башында Тажикстанда болгон жарандык согуш жөнүндө айтылат. Анда авторлор көрүүчүлөрдү азыркыдай тынч жашоо үчүн Рахмондун эмгеги зор экенине ынандырууга аракет кылышкан.
Кинотеатрларда бекер көрсөтүлүп жаткан тасмага студенттер менен окуучулар жапырт жөнөтүлүп, сеанстын алдында аларга согушту баштагандар тууралуу маалыматтар берилүүдө:
Тажик президенти тууралуу бул сыяктуу тасмаларды буга чейин өлкөдөгү дээрлик бардык мамлекеттик телеканалдар тартып чыгышкан. Эксперттер бийлик мындай жол менен кадыр-баркын бекемдөөгө аракет кылып жатат деп эсептешүүдө.