Ссылки доступа

Бердымухамедовдун кезектеги китеби жарык көрдү


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кезектеги жаңы китеби жарык көрдү. Ал «Өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине карай» деп аталган жыйнактын 11-бөлүгү болуп эсептелет. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты

Мамлекет башчынын 2017-жылдагы макалалары, интервьюлары жана жыйындарда айткан сөздөрүнөн турган жыйнак түркмөн, англис жана орус тилдеринде чыгып келет.

«Китепте эл аралык принциптердин алкагында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык жана укуктук реформаларга чоң көңүл бурулган. Мындан тышкары 2017-жылдагы маанилүү окуялардын бири болгон президенттик шайлоо тууралуу айтылган. Анда Гурбангулы Бердымухамедов ишенимдүү жеңишке жетип, үчүнчү жолу өлкө башчы болуп шайланган. Бул түркмөн эли мамлекет башчы алып бараткан саясий багытты колдоп жатканын ачык көрсөтүүдө», — деп жазды мамлекеттик ТДХ агенттиги.

Туркменистан: Книги президента будут изучать в школах
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Президент Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы бийликке келгенден бери ондогон китептердин автору болгон. 11 жыл ичинде өлкөдө анын түркмөн тилиндеги жана чет өлкөлөргө которулган 50гө жакын эмгеги басылып чыккан. Былтыр эле Бердымухамедовдун авторлугунда түрдүү багыттагы бир нече китеп жарык көргөн.

Вместо кино и сериалов: по туркменскому ТВ теперь читают вслух книги президента
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
XS
SM
MD
LG