Ссылки доступа

Путин: Өзөктүк согуш коркунучун көңүлгө албай коюуга болбойт


Орусия президенти Владимир Путин өзөктүк согуш коркунучун көңүлгө албай коюуга болбой турганын билдирди. Ал АКШнын Орто жана кыска аралыктагы ракеталар боюнча келишимден чыгышын сындап, эки тарап тең куралдануу боюнча жарышты улантып жатканын мойнуна алды.

Орусия президенти 41-жолу өткөрүп жаткан маалымат жыйынында дүйнө коомчулугу куралданууну токтотуу боюнча эл аралык системанын талкаланышына күбө болуп жатканын белгиледи:

– АКШ келишимден чыгып кетти. Анан биз жарышка катышууга аргасыз болдук, ал гана эмес артыкчылык алдык. Бирок бул паритеттерди теңдеширүү гана болуп эсептелет. Алар Орто жана чакан аралыктагы рактеларды чыгарууну токтотуу боюнча келишимден чыгышты. Анан биз эмне кылышыбыз керек? Кийин артыкчылыктарга ээ болгонубузду айтып, чыйылдашпасын.

Путин маалымат жыйынында Орусияда баары жакшы деп, улуттук долбоорлор керек экенин билдирди:

– Жөн эле акча таратууга болбойт, улуттук долбоорлор аркылуу берүү керек.

Украиналык журналист Роман Цимбалюктун оккупацияланган Донбасска канча акча коротулуп жатат деген суроосуна Путин: «украин бийлиги экономикалык блокада киргизип, өз жарандарына ок атып жатат. Биз болсо «тынчтыкты жана өнүгүүнү каалайбыз» деп жооп берди.

Путин «Аскер туткундары менен алмашуу дайыма болуп жатат. Керч кысыгында кармалган украин деңиз аскерлерин алмашуу маселеси кылмыш иштери тергелип бүткөндөн кийин чечилет», деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG