Ссылки доступа

Түркмөнстанда пахта терүү өнөктүгү уланууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстанда декабрдын ортосу болуп калганына карабастан пахта жыйноо өнөктүгү уланууда. Бул маалыматты өлкөнүн айыл чарба тармагына жооп берген вице-премьер Эсенмурад Оразгелдиев ырастады.

Ал өкмөттүн 17-декабрдагы видеоселектордук жыйынында Ахал, Лебап, Мары жана Дашөгүз облустарында пахта терүү дээрик аяктап калганын билдирди.

Вице-премьердин айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан 1 миллион 99 миң 236 тонна пахта даярдалды.

Аймактарда жерди ижарага алып иштеткен дыйкандар пахта жыйноо өнөктүгү уланып жатканын, бирок жапырт түрдө эмес экенин билдиришти.

«Азыр талаада пахта жок, калдыктарын чогултуп жатабыз. Район башчылары менен дыйкан чарбаларына акыркы булага чейин жыйноо керектигин айтышты. Бирок быйыл пахта базалары кабыл албашы мүмкүн. Ошондуктан 10-20 килограмм болсо да үйлөрүңөрдө сактап, кийинки жылдын түшүмү менен чогу тапшырасыңар дешти», - деп билдирди дыйкандардын бири.

Быйыл Түркмөнстанда пахта терүү өнөктүгү расмий түрдө 31-августта аяктаган.

XS
SM
MD
LG