Ссылки доступа

Макрон Трамптын Сириядан аскерлерди чыгаруу чечимине өкүнүчүн билдирди


Эммануэль Макрон
Эммануэль Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Сириядан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын чечимине өкүнүчүн билдирди.

Ал 23-декабрда Чад өлкөсүндөгү сапарынын алкагында өткөргөн маалымат жыйында «өнөктөш ишенимдүү болушу керектигин» айтты.

Өткөн шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп эки айдын ичинде Сириядагы америкалык аскерлер чыгарылып кете турганын билдирген. Анын пикиринде, аймакта аскерлерди кармап турууга өлкө бюджетинен акча сарпталып, бирок АКШнын улуттук кызыкчылыгына пайда алып келген жок.

Сирияда америкалык аскерлер «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө күрттөр менен куралдуу сирия оппозициясын колдоп келген.

Өткөн жумада Трамптын бул чечими менен макул болбогон АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кете турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG