Ссылки доступа

Кабулда экстремисттер өкмөттүк имаратты басып алышты


Кабулдун чыгыш бөлүгүндөгү өкмөттүк имаратка кол салуудан 29 киши өлүп, кеминде 23ү жаракат алды. Чабуул 24-декабрда болду. Кол салуу учурунда имараттын ичинде жүргөн 300дөн ашуун киши куткарылды.

Барымтага алынган имаратта Эмгек министрлиги жана башка бир нече мамлекеттик мекемелер жайгашкан. Атышуу учурунда үч жоочу өлтүрүлдү, төртүнчүсү — айдоочу унаа жарылган учурда мерт болду. ИИМ өкүлү экстремисттердин колунда дагы бир нече туткун бар экенин билдирди. Аларды куткаруу операциясы уланууда.

Өкмөткө каршы топтордун бири дагы кол салууга катышы бар экенин жарыялаган жок.

​Ушуну менен жыл башынан бери Кабулда 22 жолу куралдуу кол салуу болду. Чабуулдар учурунда 500дөн ашуун киши өлүп, миңден ашууну ар түрдүү жаракат алышты. 20-декабрда АКШ өкүлү президент Дональд Трамп жакынкы келечекте Ооганстандан 5 миңден кем эмес аскер кызматкерин чыгарып кетүүгө ниеттенип жатканын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG