“Ата Мекен” фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун билдиргенине караганда, кайрылууга алты фракциянын лидерлери кол койду. Эми бул кайрылуу мамлекет башчыга тапшырылат.
Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган.
Экс-президент “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчы соттолуучу өзү кайрылбаса да, анын эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.
19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай турганын, бирок Текебаев өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.