Анын айтымында, сегиз мектепте тартип орнотуу максатында жооптуу адамдарга сөгүш жарыяланып, айрымдары жумуштан бошотулган жана мектеп ашканасына тамак ташыгандар менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылган. Жакында ишкерлер үчүн кайрадан сынак жарыяланат.
Ушундай эле иш дагы 27 мектепте жүргүзүлүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы буйругуна ылайык, тамак-аш ташуучуларга мурдагыдай ар бир мектеп өз өзүнчө эмес, чогуу сынак жүргүзүлөт.
Үч жыл мурун Казакстанда мектептерди бекер тамак менен камсыздоо системасы токтотулган. 2015-жылы февралда президент Нурсултан Назарбаев экономикалык каатчылык темасында сөз сүйлөп жатып, “ар бир казакстандык баласынын тамагы жана майы үчүн өзү акча төлөшү керек” деп айткан.
Учурда тендерден уткан жеке компаниялар мектептерди тамак-аш менен камсыздашат.