Ссылки доступа

Аскарбек Шадиевдин 1,8 миллиард сомдук мүлкү конфискацияланат (тизме)


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин соттун чечими менен мамлекетке чегериле турган мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланды.

Тизмеге «Карвен четыре сезона» эс алуу үйү (уставдык капиталынын 33,33%), «Аква Инвест Плюс» (уставдык капиталынын 50%), «Карвен Групп» (уставдык капиталынын 50%), Орто-Сай айылында жайгашкан «Ала-Арча» турак жай комплексиндеги жеке үйү, Бишкектеги кеңсеси, «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү автоунаасы, коммерциялык банктардагы Шадиевдин өзүнө таандык 5954 АКШ доллары (404 миң 872 сом), аялы Асель Шадиевага таандык 57 069 миң доллар (3 миллион 880 миң 692 сом) жана 290 миң 535 сому, «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода борборунун уставдык капиталынын 100%) жана «Ларель» (уставдык капиталынын 50%) ишканалары кирген.

Аскарбек Шадиев менен жакындарынын конфискацияланган мүлктөрүнүн жалпы баасы — 1 миллиард 852 миллион 236 миң 99 сомду (25 миллион доллардан ашык) түзөт.

25-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

XS
SM
MD
LG