Үй-бүлөгө президент Шавкат Мирзиёевдин атынан белектер дагы берилди.
Буга чейин жубайлар Руслан Корёгдиев менен Мохигүл Шайкулова балдарына өлкөнүн азыркы президентинин урматына Шавкат Мирзиёевдин ысымын коюшканын билдиришкен.
Бул жаңы төрөлгөн балдарга өзбек президентинин аты ыйгарылган алгачкы учур эмес. Мурдараак Бухаранын жашоочусу Жамшид Шодиев дагы уулдарын Шавкат, Миромон жана Мирзиё деп атаган.
Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Үч жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан.