Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Жогорку соттун маалымат кызматы бул маалыматты азырынча тастыктай элек.
Буга чейин Келдибеков жергиликтүү «NUR TV» каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары боюнча аны сотко бере турганын айткан:
- Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе, мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам, - деген Келдибеков.
Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Ахматбек Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптаган.
14-декабрда Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday.kg сайтын сотко бергени белгилүү болду. Келдибеков «кадыр-баркыма шек келтирди» деген арыз менен бул сайтка 1 млн. сом доо койгон.