Ссылки доступа

Тажикстан Эл аралык Олимпиада комитетинен стипендия ала турган спортчуларды аныктады


Тажикстанда «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн Эл аралык олимпиадалык комитеттен ай сайын стипендия ала турган 15 спортчу аныкталды.

Тизмеде жеңил атлет, 2016-жылдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү Дилшод Назаров, кайык калакчысы Шахриёр Даминов, дзюдочу Устопириён Комроншох, Бехруз Ходжазода, Темур Рахимов жана башкалар бар.

Тажикстан Улуттук олимпиадалык комитет билдиргендей, спортчуларга стипендия ай сайын 2020-жылдын 31-августуна чейин берилет. 2017-жылдын октябрь айынан тарта 2018-жылдын декабрь айына чейин спортчуларга 96 миң доллар которулган. Келерки жылдын январь айынан тарта 2020-жылдын август айына чейин тажик спортчулары жалпысынан дагы 120 миң доллар алышат.

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Токиодо өтөт.

Олимпиадага даярдык көрүү үчүн стипендия ал турган спортчулардын тизмеси:

Дилшод Назаров (жеңил атлетика) – $950

Шахриёр Даминов (кайык калакчысы) – $800

Комроншохи Устопириён (дзюдо) – $700

Бехрузи Ходжазода (дзюдо) – $600

Темур Рахимов (дзюдо) – $500

Сомон Махмадбеков (дзюдо) – $300

Шохида Каландарова (дзюдо) – $300

Мохру Халимова (тхэквондо) – $300

Шаббос Неъматуллоев (бокс) – $350

Карина Климик (сууда сүзүү) – $200

Гулсунби Шарифова (жеңил атлетика) – $200

Саиджон Гулов (эркин күрөш) – $200

Манижа Мадкаримова (тхэквондо) – $200

Сухроб Абдулхаев (грек-рим күрөшү) – $200

Шоира Зулкайнарова (бокс) – $200

XS
SM
MD
LG