Ссылки доступа

Депутаттар уккан сындын себептери (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жээнбеков: Сот реформасына кайдыгерлер жазаланат. Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учуратып же ага кайдыгер мамиле жасаган жетекчилер катуу жазаланарын билдирди. (Директтен видео)

- Депутаттар уккан сындын себептери. 2018-жылы Жогорку Кеңештин дарегине сын көп айтылды. Айрым бир депутаттардын демилге-сунуштары кызуу талкуу жаратты. "Азаттык" буга байланыштуу депутаттардын өздөрүнүн пикирине кызыкты. (Директтен видео)

- Сахароводо сабалган мигранттар. Укук коргоочулар Орусиядагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда мигранттарды күзөтчүлөр ур-токмокко алып, мазакташарын айтып, коңгуроо кагышууда. Египеттин эки мурдагы президенти сот залында жолугушту. АКШ президенти Дональд Трамп күн мурунтан жарыялабай туруп, күтүүсүз Иракка барды. (Директтен видео)

- Окуучулардын көйгөйү көркөм тасмада. Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулар арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Директтен видео)

- "Кудаларды" сындаган куудул. 2018-жылы саясий сатирада жылдызы жангандардын сап башында куудул, пародист Элмурат Миталипов болду. Ал бул жылы өнөктөшү Байсалбек Кадыралиев менен чогуу калың-журтка “Мына шумдук”, "Кудалар", "Чиновник издедик", “Белизгейт” аттуу пародияларды тартуулады. (Директтен видео)

- BBC жана RT: журналисттик ишмердүүлүктүн стандарттары менен принциптери тууралуу талаш. (Настоящее время)

- Казакстандын түндүгүндөгү жашоочулар отундун кымбаттыгына даттанышууда. (Казакстандан видео)​

- Даниель Рустамов: "Тажикстанда таланттар көп экенин көрсөткүм келет". Даниель Рустамов Орусиянын Биринчи каналындагы «Голос» сынагынын жарым финалына өткөн Тажикстандын алгачкы өкүлү. (видео)

- Жалал-Абад — Анжиян темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети. (Кыргызстандан видео)

- Убадаланган жумуш үчүн көчүп баруу. Мамлекеттик программа менен түштүктөн түндүккө көчүп барган жубайлар жумушка орношо албай жатышат. Алты баласы менен Жамбыл облусунан Түндүк-Казакстан облусуна көчүп барган ата-эне жумушсуз отурат. (Казакстандан видео)​

- Жаңы жылдык маанай. Бишкек Жаңы жылга даярданууда. (сүрөт баян)

- Казанда Кытайдагы мусулмандарды колдогон пикет өттү. (сүрөт баян)

- Бизди таштап кеткендер. Азаттык 2018-жылы каза болгон белгилүү казакстандыктарды эскерди. (видео)

- Балыкчыда социалдык такси кызматы ишин баштады. Балыкчынын I топтогу майып тургуну Төлөбек Бейшенбеков «Окей» деп аталган социалдык такси кызматын ишке киргизди. (видео Директ)

- Тажикстандагы акыркы синагога: раввин кетип калган, сыйынуучулар элүүгө жетпейт. (Настоящее время)

- Майып ата-эне балдар үйүнө алып кетишкен уулун кайра кайтарып алышты. (видео Директ)

- Клинцы шаарынын башчысы аткаминерлердин балдарынын Түркияга эс алып келген акчасын кайрымдуулук фондуна кайтарып берди. Калаа башчысы Олег Шкуратов кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияда эс алган аткаминерлердин балдарынын жолдомо акыларын өзү төлөп берерин билдирди. (видео Директ)

- Жалал-Абад: эркиндиктеги жашоого даярдаган борбор. (Кыргызстандан видео)

- Египет абагында төрт күндөн бери ингушетиялык студенттер камакта жатышат. (Настоящее время)

- Кыргызстанда аял айдоочулар иштеген такси кызматы ачылды. (Видео)

- Минск мунай үчүн Москва менен кандай урушкан? (Настоящее время)

- Дүйнө лидерлери БУУда эмнелери менен эсте калды? Башкы Ассамблеянын 2018-жылдагы эң көрүнүктүү учурлары. (видео Директ)

- 2019-жылы Украинадагы цирктер жаныбарларсыз калышы мүмкүн. (видео Директ)

- Казакстан менен Түркмөнстан курал-жаракка канча акча коротту? 2017-жылы Казакстан курал сатып алууга короткон акчанын көлөмү боюнча дүйнөдө 34-орунду алды. Өлкө бул максатта 452 миллион доллар жумшаган. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG