Ссылки доступа

Петербург: Жугуштуу жыныстык оору менен жабыркаган өзбек жараны ооруканада өзүнө ок атты


Санкт-Петербургда жугуштуу жыныстык оору менен жабыркаган Өзбекстандын 58 жаштагы жараны тапанча менен оорукана дарыгерине, андан кийин өзүнө ок чыгарган.

Орусия Тергөө комитетинин Санкт-Петербург аймагы боюнча бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя 25-декабрда болгон. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сергей аттуу жараны «Инсам» чыгыш медицина борборунда аны дарылап жаткан дарыгерге, андан кийин өзүнө ок аткан.

– Бул факты боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда укук коргоо органдары окуянын себептерин жана кандай жагдайда болгонун иликтеп жатышат», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Сергей Капитанов.

Кийинчерээк жаракат алган дарыгер Оксана Ким дагы Өзбекстандын жараны экени аныкталган.

Тергөөчүлөр аталган медицина борборунда негизинен корей дарыгерлер иштей турганын эске алуу менен, кол салган адам экстремисттик же улутчулдук мотивдер менен ок аткан болушу мүмкүн деген версияны караштырышууда.

XS
SM
MD
LG