Буга чейин борбордогу бала бакчаларда Жаңы жыл майрамына карата ата-энелерден 80 манаттан (23 долларга жакын) акча чогултулуп жатканы кабарланган.
«Ата-энелердин даттанууларынан кийин Ашхабад прокуратурасы шаардагы мектеп жана бала бакча жетекчилерин чакырууда. Анда директорлорго кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгү эскертилип жатат», — деп жазды «Түркмөнстан хроникасы».
Басылманын маалыматына караганда, бала бакчадагы майрамдык иш-чарага Аяз ата менен Аяз кызды чакыруу үчүн ата-энелерден 50 манаттан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 манаттан талап кылынган.